2026-жылдын 29-октябрында Кыргыз филологиясы факультетинде Түркия Республикасынын негизделишинин тарыхый маанисин даңазалоо, студенттердин түрк элинин тарыхына, тилине жана маданиятына болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле кыргыз-түрк достугун жана маданий байланыштарын бекемдөө максатында түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан Түркия Республикасынын күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Түркия Республикасынын түзүлүш тарыхы, 29-октябрь Республика күнүнүн мааниси жана Түркиянын коомдук-саясий өнүгүүсүндөгү орду тууралуу маалыматтар берилди. Катышуучулар түрк элинин улуттук баалуулуктары, тили жана маданияты менен таанышып, майрамдык маанайдагы программага күбө болушту.

Иш-чаранын соңунда түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова сөз сүйлөп, катышуучуларды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады. Ал кыргыз-түрк элдеринин ортосундагы тарыхый достук мамилелердин, тилдик жана маданий байланыштардын маанисин белгилеп, студенттерге түрк тилин, тарыхын жана маданиятын терең үйрөнүүдө ийгиликтерди каалады.

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү мындан ары да түрк тилин жана маданиятын жайылтууга, кыргыз-түрк билим берүү жана маданий байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүнү улантат.

(С) Бурул Элебесова – Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент