2026-жылдын 24-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Бишкек, Баткен, Нарын, Талас, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларында жайгашкан түзүмдөрүндө Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан демилгелеген күзгү жеңил атлетикалык чуркоо өткөрүлүп, иш-чарага жалпысынан 2800 студент, 400 окутуучу катышты.

Жеңүүчүлөр атайын дипломдор жана медалдар менен сыйланды.

Жеңил атлетикалык марафон өлкө Президентинин “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө» 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 жарлыгынын спорт багытын ишке ашыруу, о.э. “Жаратман муун” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбиясы менен спортту өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.