Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 1-октябрындагы 2919 сандуу катына ылайык, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу, студенттердин патриоттук аң-сезимин калыптандыруу, тарыхый эс-тутумун бекемдөө жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатында «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Социалдык-гуманитардык илимдер институнун, философия жана саясат таануу багытында окуган студенттерине 2026-жылдын 21-октябрында экскурсия уюштурулду. Студенттерди көзөмөлдөө үчүн, философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Касымова Н.О., кураторлор Тостокова К. А., Урумкулова Н.Т. барышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин тарыхы, саясий репрессиянын курмандыктары жана өлкөбүздүн тарыхында өзгөчө орун алган инсандар жөнүндө маалымат алышты.
Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды мекенди сүйүүгө, тарыхый мурастарды урматтоого, улуттук баалуулуктарды сактоого жана өткөн тарыхтан сабак алууга тарбиялоо.
Сапардын жүрүшүндө студенттер тарыхый жай менен таанышып, өздөрүнүн тарыхый билимин кеңейтишти. Экскурсия студенттер үчүн таанып-билүүчүлүк жана тарбиялык мааниге ээ болду.
Жыйынтыгында студенттердин «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине баруусу ийгиликтүү өткөрүлүп, алардын тарыхый аң-сезимин калыптандырууга жана мекенчилдик сезимин өнүктүрүүгө багытталды.
(С) Эсеналиева С.Т. — философия, теория жана маданият тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу
Автордун стилистикасы менен грамматикасы толугу менен сакталды