2026-жылдын 19-сентябрында Кореянын Кыргызстандагы «KSKG» ЖЧК компаниясынын башкы директору Пак Воннэ баштаган өкүлдөр Чет тилдер институтуна расмий иш сапары менен келишти.
Меймандарды институттун директору Кенжебай Уметов кабыл алып, институттун ишмердүүлүгү, анын ичинде корей тили кафедрасынын билим берүү багытындагы иштери менен тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Пак Воннэ мырза учурда корей тили кафедрасынын төрт бүтүрүүчүсү «KSKG» ЖЧК компаниясында эмгектенип жатканын белгилеп, студенттердин тилдик даярдыгына жана практикалык көндүмдөрүнө жогору баа берди. Ошондой эле компаниянын институт менен мындан ары да кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында илим менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо, студенттердин котормочулук практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында Чет тилдер институтунун директору К.К. Уметов жана «KSKG» ЖЧК компаниясынын башкы директору Пак Воннэ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Меморандумга кол коюу аземинен кийин корей тили кафедрасынын башчысы Каныбек Олжобаев меймандарды кафедра менен тааныштырып, студенттер жана окутуучулар менен жолугушуу уюштурду. Компаниянын өкүлдөрү студенттерге чет тилдерин үйрөнүүдө ийгиликтерди каалап, кесиптик өнүгүүгө умтулууга чакырган шыктандыруучу сөздөрүн айтышты.
Бул кызматташтык Чет тилдер институтунун студенттеринин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, практикалык тажрыйбасын арттырууга жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
(С)Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары