2026-жылдын 13-18-октябрында Тажикстандын Душанбе шаарында «Туруктуу туризм жана меданий мурас» аттуу Эл аралык форумда «Кыргыз орнаменти  туризмде маданий мурас катары» деген темада баяндама жасады. Форумду Тажикстан Өкмөтүнүн колдоосу менен  Эл аралык туризм жана ишкердик университети уюштурду. Иш-чара материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген байыркы улуттук түшүм майрамы Мехргон майрамынын алкагында өттү.  Ага 2000ден ашык илим, бизнес жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Салтанаттуу ачылыш Душанбеде болуп, 8 секцияда баяндамалар жасалды. 6 күн бою Тажикстандын 7 шаарында жана райондорунда (Душанбе, Турсунзаде, Гиссар, Нурек, Худжанд, Дангара жана Дарваз) 14 ири иш-чара өткөрүлдү. Форумда экотуризмди өнүктүрүүнүн, тармакты санариптештирүүнүн, инвестицияларды тартуунун жана тарыхый мурастарды жайылтуунун негизги маселелери талкууланды.

Форумдун алкагында профессор Гүлжамал Жаманкулова Тажикстан Эл аралык туризм жана ишкердик университетинин студенттерине жазуу, анын өнүгүшү, маданият аралык байланыш, филологиялык изилдөөлөрдүн заманбап ыкмалары, маалымдоо каражаттарынын өнүгүшүндөгү актуалдуу маселелер тууралуу ачык сабактарды жана лекцияларды өттү.

(С) А.У.Акынбекова — кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор