​Журналистика жана коммуникация институтунун «Жарнама жана коомчулук менен байланыш» (PR) программасынын 1-курсунун студенттери заманыбыздын заңгар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып кайтышты.

​Академиялык кураторлук иш-чаралардын алкагында уюштурулган бул саякат студенттер үчүн жөн гана экскурсия болбостон, залкар инсандын өмүр жолу, дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармачылыгы жана дипломатиялык ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга эң сонун мүмкүнчүлүк болду.

​Экскурсия учурунда болочоктогу Жарнама жана PR адистери залкар калемгердин өмүрүнүн акыркы жылдарында жашап, эмгектенген жумушчу бөлмөсүн, колдонгон жеке буюмдарын, кол жазмаларын, сүрөт архивдерин жана сейрек кездешүүчү китеп жыйнактарын өз көздөрү менен көрүп чыгышты. Музейдин кызматкерлери улуу жазуучунун өмүр таржымалы, чыгармаларынын жаралуу тарыхы жана анын дүйнөлүк коммуникациядагы орду тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

Иш-чаранын соңунда студенттер эстеликке сүрөткө түшүп, улуу жазуучунун үй-музейинен алган таасирлери менен тең бөлүшүп, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

(С) К.Осмонова — окутуучу