2025-жылдын 15-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетининде окуу жайдын «Жаратман Ордо» жаштар уюму тарабынан уюштурулган «Өзгөчө ой жүгүртүү – ийгиликтин башаты» аталышындагы мотивациялык мастер-класс болуп өттү. 

Иш-чаранын башкы спикери болгон Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев студенттерге жеке өнүгүү, чыгармачылык потенциалды ачуу жана тил үйрөнүүнүн маанилүүлүгү тууралуу баалуу кеңештери менен бөлүштү.

Мастер-класска катышкан студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алып, келечектеги максаттарына шык-дем алышты.

«Жаратман Ордо» уюму жаштардын интеллектуалдык жана инсандык жактан өсүшүнө багытталган ушундай пайдалуу иш-чараларды уланта бермекчи.