2026-жылдын 10-октябрынан тартып Корея Республикасынын Кемён университети менен биргеликте ишке ашырылып жаткан LUPIC долбоорунун алкагында Эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бактыбек Келдибековдун демилгеси менен Бишкек шаарындагы №9, №24 жана №68 мектептердин 10–11-класстарынын окуучулары үчүн Python программалоо тили боюнча акысыз окуу курсу башталды.
Курс Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары тарабынан 12 жума бою өткөрүлөт. Курстун жүрүшүндө окуучулар программалоонун негиздерин акысыз үйрөнүп, окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин эл аралык сертификаттарга ээ болушат.
(С) Сыдыкова Махабат — LUPIC долбоорунун ассистенти