2026-жылдын 10-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Алматы менеджмент университетинин (AlmaU) президенти Асылбек Кожахметов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары, ошондой эле жогорку билим берүү жана эл аралык кызматташтык жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Тараптар ошондой эле конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө байланыштуу конкреттүү маселелер боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда практикалык өнөктөштүккө даяр экендиктерин билдиришти.
Иш-чарага AlmaU президентинин кеңешчиси Дидар Марданов, КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бактыбек Келдибеков жана КУУнун академиялык мобилдүүлүк, билим берүү экспорту жана тармактык магистрдик программалар бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова катышты.