2026-жылдын 7-октябрында Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында белгилүү журналист, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун сыймыктуу окутуучусу Абдыганы Халиловдун 70 жылдык мааракесине арналган «Уңгужол жана учурдагы массмедиа» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага кыргыз медиасына белгилүү журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жана эл аралык жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттер жана кесиптештери менен шакирттери катышты.
Абдыганы Халиловдун өмүр жолу кыргыз журналистикасынын тарыхы жана журналисттик билим берүүнүн өнүгүшү менен тыгыз байланышта. Ал Кыргыз улуттук университетинде 52 жылга жакын эмгектенип, окутуучулук менен катар факультеттин деканы катары да иштеп, журналист кадрларды даярдоого зор салым кошкон.
Конференциянын жүрүшүндө маараке ээсинин өмүр жолуна жана чыгармачылык-илимий ишмердигине арналган «Билимге арналган өмүр» аттуу бейне баяны көрсөтүлүп, анын көп жылдык эмгеги, билим берүү тармагындагы ишмердиги жана жаш журналисттерди даярдоого кошкон салымы баяндалды.
Андан соң Абдыганы Халиловдун «Журналистика Кыргызстана: журнальная периодика и некоторые проблемы СМИ» аттуу жаңы китебинин бет ачар аземи болду. КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк бул эмгек магистранттар менен студенттер үчүн маанилүү маалымат булагы болорун белгиледи. Автордун мындан башка илимий эмгектери, атап айтсак, “Кыргыз журналистикасынын тарыхы” аттуу окуу куралы (авторлорлор коллективи) ушу тапта коңшу Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин журналистика институтунда колдонулат. Бул тууралуу аталган институттун директору Кайрат Сак кесиптешин куттуктап жатып билдирди. Ал ошондой эле Абдыганы Халиловдун университеттер аралык кызматташтыкта кош дипломдуулук жана академиялык мобилдүүлүк программасынын ишке ашышына кошкон салымын жана аралык илимий журналдардын ишине активдүү катышып келерин белгиледи.
КУУнун ректоратынын атынан куттуктоо сөзүн мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев сүйлөп, анын азыркы Журналистика жана коммуникация институтунун түптөлүп, өнүгүшүнө кошкон салымын өзгөчө белгилеп өттү.
Профессор Садык Алахан окумуштууну журналист кадрларды даярдоонун жаңы мектебин түптөгөн инсан катары бааларын айтса, Кыргыз эл жазуучусу, профессор Абдиламит Матисаков өз сөзүндө Абдыганы Халилов менен бирге өткөргөн студенттик күндөрүн эскерип, анын жаш кезинен эле илимге болгон кызыгуусу күчтүү болгонун белгиледи.
Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Алтын Асанова да кесиптеши жана замандашынын кесипкөйлүгүн, окутуучулук жөндөмүн жогору баалады. Ал эми аталган окуу жайдын Журналистика жана маалымат системалары факультетинин деканы Чынар Капарова университеттин ректоратынын атынан куттуктоо жолдоду.
Мааракелик конференцияда журналистиканын тарыхы менен улуттук журналистиканын түпкү баалуулуктарын сактоо жана аны заманбап маалымат мейкиндигинин талаптарына ылайык өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле «Уңгужол» концепциясы, басма сөздүн өнүгүшү, улуттук маданиятты дүйнөлүк медиа мейкиндигинде жайылтуу жана сөз менен иштөө жоопкерчилиги аттуу актуалдуу темаларда баяндамалар жасалды.