Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Каракол шаарындагы Гуманитардык-табигый илимдер факультетинде 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата 18–28-сентябрь аралыгында бекитилген тескеменин негизинде тематикалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары коомдогу ордун бекемдөө, студенттердин эне тилге болгон сый-урматын арттыруу, кыргыз тилин кеңири колдонууга үндөө жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо.
Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө Т.Т.Раева, К.Б.Гапарова, Г.Э.Кожоканова баштаган кыргыз тилчилер өз салымдарын кошушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин тарыхы, өнүгүү жолу жана бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу маалыматтар берилип, эне тилге арналган ырлар, эссе жазуу, көркөм окуулар, макалдар, жанылмачтар жана чыгармачылык номерлер тартууланды. Студенттер өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүп, кыргыз тилине болгон терең урмат-сыйларын билдиришти.
Мамлекеттик тил — элибиздин улуттук жүзүн, тарыхын жана маданиятын сактап турган баа жеткис мурас. Аны урматтоо жана өнүктүрүү — ар бир жарандын ыйык милдети!
(С) Качкынова Э.К. — Каракол шаарындагы ГТИФ деканынын тарбия иштери боюнча орун басары