2026-жылдын 24-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, университеттин жетекчилигинин өкүлдөрү, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери катышты.
Салтанаттуу аземди факультет деканы Алмазбек Кадыр уулу ачып, бүтүрүүчүлөрдү маанилүү окуясы менен куттуктады жана алдыга койгон максаттарына жетип, алган билимдерин өлкөнүн өнүгүшүнө, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун сапатын жогорулатууга багыттоосун каалады.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундузгүл Базакеева куттуктоо сөзүн айтып, жаш адистердин кесиптик жолунда ийгиликтерди, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана татыктуу жетишкендиктерди каалады.
Факультеттин профессору Издевалды Искаков да бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, студенттик жылдарда алган билим менен тажрыйба алардын мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө бекем пайдубал болоруна ишенээрин билдирди.
Диплом тапшыруу аземи бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө толкундануу жана кубаныч тартуулаган маанилүү күнгө айланды. Ар бир бүтүрүүчүгө жогорку билим алгандыгын тастыктаган дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Бүгүнкү күн – бир баскычтын аякташы гана эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, чоң максаттардын жана кесиптик жетишкендиктердин башаты.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин жалпы жамааты бардык бүтүрүүчүлөрдү диплом алуу аземи менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кесиптик өсүү жана мекенге ак кызмат кылган татыктуу адис болуусун каалайт!
Ак жол, урматтуу бүтүрүүчүлөр!
(С) Жапарова Г.Э. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары