Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын 7-сентябрынан 30-октябрына чейин жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугун сактоо боюнча пландуу текшерүү өткөрүү тууралуу катынын негизинде 2026-жылдын 24-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 10-окуу имаратында Жарандык коргонуу боюнча командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү.

Иш-чарага КУУнун Жарандык коргоо жана атайын мобилизациялык иштер боюнча сектору менен Окуу бөлүмүнүн кызматкерлери, техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча адистер, Юридикалык колледждин студенттеринен түзүлгөн топтор жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчүлөрү катышты.

Машыгууда окутуучулар менен студенттер кырсык болгон аймакка ыкчам топторду жөнөтүү, урандылардын алдында калган жарандарды издөө жана куткаруу, жабыркагандарды эвакуациялоо, өрттү өчүрүү, зыяндуу заттарды залалсыздандыруу, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле калкты коопсуз аймакка чыгаруу боюнча практикалык иштерди аткарышты.

Иш-чаранын жүрүшүн аталган сектордун башчысы А.Б.Осмонов баш болгон кызматкерлер көзөмөл кылышты.