2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координатору Эрсин Чопур мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Догдурбек Чонтоев Эрсин Чопур мырзаны ТИКАнын Бишкектеги координатору болуп дайындалышы менен Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамаатынын атынан куттуктады.  Ошондой эле ректор ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, Кыргызстан менен Түркияны тарыхый тамырлаштык, тилдик жана маданий жакындык, жалпы руханий баалуулуктар, ошондой эле өз ара урмат-сыйга негизделген достук мамилелер байланыштырып турарын айтты.

Тараптар  КУУнун ТИКА жана Түркиянын жогорку окуу жайлары менен буга чейин түзүп келген ийгиликтүү кызматташтыгын талкуулашып, илимий чөйрөнү өнүктүрүүгө, академиялык жана студенттик алмашуу программаларын кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.  

Өз кезегинде Эрсин Чопур мырза жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Улуттук университет ТИКАнын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Ал мындан ары да активдүү байланыштарды улантып, өз ара пайдалуу ири долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга даяр экенин белгилеп өттү.

Жолугушуунун соңунда Эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаментинин директору Бактыбек Келдибеков ТИКА менен  университеттин көп жылдык кызматташтыгынын алкагында аткарылган биргелешкен долбоорлор жана демилгелер тууралуу айтып берип, алардын университеттин билим берүү, илимий жана эл аралык байланыштарын өнүктүрүүдөгү маанисине токтолду.