2026-жылдын 23- сентябрында Улуттук университетте Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына арналган “Кыргыз тили: теориясы жана практикасы” аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Иш-чараны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, бүгүнкү күндө Улуттук университеттин бардык түзүмдүк курамдарында мамлекеттик тил саясаты ийгиликтүү жүрүп жатканына токтолду.

Анын маалыматында, учурда университеттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздары толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, окуу процессин мамлекеттик тилде маалыматтык программалык  камсыздоо жана санариптик негизде уюштуруу үзгүлтүксүз камсыздалууда; кыргыз тилинде өтүлүүчү лекциялардын жана практикалык сабактардын саны менен сапаты да жогорулап жатканы белгиледи.  

Ректор о.э. Мамлекеттик тилди билүү – Кыргыз Республикасыны ap бир жаранынын, окутуучу-профессорлорунун, кызматкерлеринин, студенттеринин парзы жана ыйык милдети экенин айтып: «Элибиздин ар бир сөзү алтын кыш сыяктуу асыл, андан ата-бабаларыбыз опол тоодой сепил курушкан. Демек, өлкөбүздө рух сепили, ынтымак сепили, биримдик сепили, достук сепили түбөлүк чыңдала берсин!» — деди.

Конференциянын жүрүшүндө «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик » уңгужолун  ишке ашырууда жана кыргыз тилин кеңири жайылтууда үзүрлүү ишмердиги жана мамлекеттик тилди сапаттуу колдонулушун камсыз кылган кылууга салым кошкон бир катар түзүмдөр жана кызматкерлер сыйланышты.

Жыйынга КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин илим башкармалыгынын башчысы Турукмен Жабудаев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Каныбек Абдыраимов катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Мындан тышкары, конференцияда кыргыз тилинин актуалдуу маселелерине арналган «Сүйлөшүү маданиятынын мааниси», «Кыргыз Республикасындагы тил саясаты жана тил кырдаалы», «Текст – кыргыз тилин окутуунун негизги куралы», «Мамлекеттик тилди окутуудагы окуу программаларын жана окуу китептерин түзүүдөгү айрым маселелер», «Кыргыз тилинин дүйнөтаанымдык функциясы» аттуу илимий баяндамалар жасалды.  

Илимий-практикалык конференцияга КУУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев модераторлук кылып, профессордук-окутуучулук курам, кызматкерлер жана студенттер катышты.