2026-жылдын 11–18-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында «Бир алкак – бир жол» жаштар лагери жана мугалимдер үчүн семинар болуп өттү.
Кыргызстандын делегациясынын курамында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун котормо жана котормо таануу кафедрасынын ага окутуучусу Айжаркын Тагайбекова болду.
Аталган эл аралык илимий-билим берүү программасы 2026-жылы өзүнүн 10 жылдык мааракесин белгилеп, илим-билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, педагогикалык тажрыйба алмашууга жана заманбап билим берүү технологияларын жайылтууга багытталды.
Өзгөчө көңүл чет тилдерди окутуунун заманбап ыкмаларына, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти билим берүү процессинде колдонууга, ошондой эле STEM билим берүүгө бурулду. Окутуучулар үчүн практикалык сабактар, семинарлар жана тажрыйба алмашуу аянтчалары уюштурулуп, катышуучулар жаңы педагогикалык инструменттер менен таанышышты. Мындай эл аралык программалар чет тилдерди окутуунун сапатын жогорулатуу, тил үйрөтүүдө инновациялык технологияларды колдонуу жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялануу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-чаранын уюштуруучулары – Кытайдын Илим жана технологиялар ассоциациясы (CAST), Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлиги (MOST) жана кабыл алуучу аймактардын өкмөттөрү. Чет тилдер институтунун окутуучусунун эл аралык программага катышуусу кесиптик компетенцияны жогорулатууга, чет тилдерди окутуунун жаңы усулдарын өздөштүрүүгө жана эл аралык педагогикалык тажрыйбаны жайылтууга өбөлгө түздү.
2023-жылдан тартып Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн аталган программа Үрүмчү шаарында өткөрүлүп келет. Бул мезгил аралыгында программага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Азербайжандан 400дөн ашуун окутуучу жана студент катышкан.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары