2026-жылдын 22-сентябрында Улуттук университеттин биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Пекин педагогикалык университетинин вице-президенти Ван Шоуцзюнь баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда тараптар академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттер менен окутуучуларды алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Биринчи проректор Алайбек Шамшиев кыргыз-кытай мамилелери бүгүнкү күндө бир катар багыттар боюнча активдүү өнүгүп жатканын, анын ичинде Кыргыз улуттук университетинин билим берүү тармагындагы ийгиликтүү кызматташтыгын жана Кыргыз-кытай изилдөөчүлүк институтунун ишмердүүлүгүн өзгөчө белгилеп өттү.

Өз кезегинде Пекин педагогикалык университетинин вице-президенти Ван Шоуцзюнь КУУнун бүтүрүүчүлөрүн кытай университетинде окуусун улантууга, ал эми жаш окутуучуларды такшалмадан өтүүгө чакырды. Ал о.э. Пекин педагогикалык университетинде «Бир алкак- бир жол» институту иш алып барарын айтып, эки окуу жай биргеликте талкуулап, өнүктүрө ала турган бир катар программалар бар экенин белгиледи.

Андан кийин Алайбек Шамшиев менен Ван Шоуцзюнь билим берүү жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документте студенттер менен окутуучуларды алмашуу, илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу ж.б. каралган.

Жолугушуунун соңунда Пекин педагогикалык университетинин делегациясынын өкүлдөрү КУУнун базасындагы Китеп үйү менен таанышып, анда сакталган уникалдуу китептерди көрүп чыгышты.