2026-жылдын 11-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас шаарындагы көп тармактуу институтунун жаңы окуу имаратын ачкандан кийин, аталган окуу жайдын жамааты менен жолугушту.

Өлкө башчысы катышуучуларды институттун жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады жана болочок адистерди даярдоодо туризм багытына көбүрөөк басым жасоо зарылдыгын белгиледи. Президенттин айтымында, быйыл жылдын аягына чейин 13 млн турист келет деп болжолдонууда. Ал эми Көчмөндөр оюндары жана ШКУнун саммитинен кийин андан да көп болот. Ошондуктан, студенттерге туристтерди кандай тосуп алып, кандай тейлеш керектигин жакшылап окутуш керек.

Белгилей кетсек, институттун имаратында кадимки дарскана, лабораториялардан сырткары Талас облусунун туризмди өнүктүрүү ресурстук борбору да жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын Президенти студенттерди ротация кылуу маселесине да токтолуп, “Эмдиги жылы сентябрдан баштап бүт студенттерди ротация кылабыз. Алар үчүн жатаканаларды курууну 7 областта тең быйыл баштасак, эмдиги жылы бүтүп калабыз деп болжолдоп турабыз”, — деди.

Жолугушуунун соңунда, КУУнун Талас шаарындагы көп профилдүү институтунун жамааты Президентке билим берүү системасына көңүл буруп, студенттер менен окутуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.