2026-жылдын 12-сентябрында Талас облусунун Айтматов районундагы кыргыздын улуу жазуучусу, ойчул Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени Шекер айылында «Айтматов ааламы» маданий-мемориалдык комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, комплекстин ачылышы Кыргызстан үчүн тарыхый жана руханий жактан өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

«Айтматов ааламы» комплекси улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгын даңазалоо менен катар кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын сактоо, изилдөө жана келечек муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү маданий жай болуп саналат.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө дүйнө жүзүндө Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен көчөлөр жана сейил бактар аталып жатканын белгилеп, анын кичи мекенинде мындай комплекстин курулушу улуттук сыймык жана улуттук ар-намыс экенин айтты. Ошондой эле комплекс жөн гана музей катары чектелбестен, агартуунун, илимдин, маданияттын жана руханий тарбиянын борбору болушу керектигин белгиледи. Бул жерде жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, илимий жана маданий иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгы айтылды. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында камтылган адамдын абийири, тарыхый эс тутуму, эне тили жана мекен алдындагы жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктар бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой турганы белгиленди. Технологиялык өнүгүү адамдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсе да, анын ким экенин руханий дүйнөсү аныктай турганы баса белгиленди.

Комплекстин курулушу бир нече жыл мурда башталып, кийин токтоп калган. 2026-жылы долбоор толугу менен ишке ашырылып, элдин пайдалануусуна берилди. Аны ишке ашырууга салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдирилди. Мындан тышкары, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар башталгандыгы маалымдалып, бул багытта тиешелүү Жарлык кабыл алынганы, Министрлер Кабинети тарабынан иш-чаралардын планы бекитилгени жана уюштуруу комитети өз ишин баштаганы белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармачылыгынын опера, балет, кино, театр жана сүрөт искусствосуна тийгизген таасири да белгиленип, бүгүнкү күндө чыгармачыл индустрияларды жана маданий инновацияларды өнүктүрүү аркылуу кыргыз элинин бай тарыхын, адабиятын жана маданий мурасын жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгы айтылды.

«Айтматов ааламы» комплексинин ачылыш аземине Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) өкүлдөрү да катышты.

Алардын катарында КУУнун инвестициялар боюнча проректору, профессор Гулбара Сыдыкова, окумуштуу-тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин жана «Эне» фондунун жетекчиси Жыргал Момбекова болушту.

КУУ өкүлдөрүнүн иш-чарага катышуусу университеттин кыргыз элинин тарыхын, адабиятын, маданиятын жана руханий мурастарын изилдөөгө, сактоого жана кеңири жайылтууга багытталган ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. 

Жаңы маданий-мемориалдык комплекс кыргызстандыктар үчүн гана эмес, чет өлкөлүк меймандар үчүн да кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы орду менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген маанилүү руханий борборго айланары күтүлүүдө.

Чыңгыз Айтматовдун баа жеткис мурасын сактоо, изилдөө жана кийинки муундарга жеткирүү — улуттук маданиятты жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүнүн маанилүү багыты.

(С) Марслатбек кызы Наргиза — Инвестициялар бөлүмүнүн маркетинг боюнча башкы адиси