2026-жылдын 8-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Бишкектеги француз альянсынын (БФА) жаңы кеңсеси ачылды.
Иш-чарага Франциянын Улуттук жыйынынын мүчөсү жана Франция-Борбордук Азия достук тобунун төрайымы Катрин Эрвье, Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министринин орун басары Виктория Мозгачева, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, БФАнын президенти Гузель Ишенова жана башкалар катышты.
Жаңы кеңсенин ачылышына байланыштуу куттуктоо сөздөрүн КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, Франциянын Улуттук жыйынынын мүчөсү Катрин Эрвье жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай айтышты.
Андан кийин, FAB директору Бегаим Исраилова Франциянын элчиси Николя Фай мырзага жана КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевге Бишкектеги француз альянсынын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн «Күмүш ардак белгиси» төш белгисин тапшырды.
Иш-чара КУУнун №8-окуу имаратында ачылып жаткан Бишкектеги француз альянсынын жаңы кеңсесинин алдындагы лента кесүү аземи менен аяктап, андан кийин келген конокторго чакан сый тамак берилди.































