Учурда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саммитинин алкагында «ШКУ мейкиндигиндеги маалыматтык өнөктөштүк: жалпы медиамейкиндикти өнүктүрүү жана так маалыматты камсыздоо». «Жасалма интеллект, инновация жана келечектин медиасы» аталышындагы эл аралык медиафорум өтүүдө. Санариптик доордогу маалыматтык коопсуздукка арналган панелдик сессиянын модератору Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Ширин Аалиевна Костюк болду.

Аталган ири иш-чарага КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев да катышты.

Сессияда төмөнкү башкы суроолор талкууланды:

  • эл аралык маалымат алмашуунун жаңы механизмдерин түзүү;
  • фейк жаңылыктарга жана дезинформацияга каршы биргелешип күрөшү;
  • санариптик платформалар заманында журналистиканын ролу жана коомдук ЖМКлардын жоопкерчилиги;
  • ШКУга мүчө мамлекеттердин бирдиктүү маалыматтык коопсуздугун камсыздоо.

Жыйындын алкагында Ширин  Костюк жасалма интеллект жана социалдык тармактар өнүккөн заманда маалыматтарды верификациялоо (текшерүү) эң башкы орунга чыкканын белгиледи. Анын айтымында, ШКУ мейкиндигиндеги журналисттер жөн гана байкоочу эмес, коопсуз медиа чөйрөнү кура турган, өз ара ишенимге негизделген «Шанхай рухунун» башкы жол көрсөткүчтөрү болууга тийиш.

Пикир алышууда эл аралык спикерлер ар кандай чечимдерди сунушташты.

1. Технологиялык калкан: Атул Агарвал жана Хамад Обейд Аль Кааби жасалма интеллект доорунда алгоритмдерди фейктерге каршы курал катары колдонууну жана жаңылыктар хабдарын координациялоону сунушташты.

2. Объективдүүлүк пайдубалы: Ольга Шпилевская эл аралык ири маалымат каражаттары жалпы медиа мейкиндикте так маалыматтын кепилдиги болуп кала берерин айтты.

3. Жергиликтүү аудитория жана мамлекеттик саясат: Наталья Кролевич, Ришам Ракиб жана Абдул Маджид Али Хаджи глобалдык жаңылыктарды жергиликтүү элдин тилине ылайыктап жеткирүү жана фейктерди расмий деңгээлде ыкчам төгүндөө зарылдыгын белгилешти.

Талкуунун  жыйынтыгында, төмөнкү үч негизги багыт аталды:

  • Ишенимдүүлүк: Салттуу жана эл аралык медиа туруктуу каркас катары калышы керек.
  • Туруктуулук: Санариптик чабуулдардан коргонууда жаңы технологиялык чечимдерди киргизүү.
  • Биргелешкен аракет: ШКУ өлкөлөрүнүн жана араб дүйнөсүнүн ортосунда коопсуз маалымат алмашуу тармактарын бекемдөө.

(С) Перизат Джаныбекова — адис

Добавить комментарий