2026-жылдын 1-сентябрь күнү Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) алкагында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган маданий иш-чаралар өткөрүлдү.
Алардын бири ДКОнун башкы расмий тумары болгон Көөкөргө куюлган мөңгү суусун бир идишке чогултуу аземи болду. Элдин ынтымагын, биримдигин жана тазалыгын символдоштурган эң негизги салтанаттуу ырым-жырымды ишке ашырууга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев катышты.
Бул аземдин максаты — Кыргызстандын жети облусунун ыйык мөңгүлөрүнөн жана булактарынан чогултулган сууларды бир идишке куюп, бириктирүү. Бул — өлкөнүн бүтүндүгүн жана элдин ынтымагын билдирет. Бир идишке топтолгон бул ыйык суу Көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземинде колдонулуп, кийинки оюндарды өткөрө турган мамлекетке өткөрүлүп берилет.
Иш-чарага о.э. көрүнүктүү окумуштуу-географ, Россия илимдер академиясынын (РИА) академиги, РИАнын Байкал жаратылышты пайдалануу институтунун директору Ендон Гармаев, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасыын башкы режиссеру Алтынбек Максутов, о.э. КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу жана административдик-чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахунов катышты.
* * *
Ушул эле күнү ректораттын аппарат жетекчиси Ынтымак Касмакунов Улуттук университеттин «Кырчын» жайлоосундагы этношаарчада орнотулган боз үйүндө болуп, анын ал жерде өтө турган илимий конференцияга даярдыгы менен таанышты.