2026-жылдын 27-август күнү Санариптик технологиялар борборунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин алдындагы Изилдөөлөр жана инновациялар боюнча кеңештин (Кеңеш) кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев университеттеги Суу, химиялык жана экологиялык коопсуздук боюнча изилдөөлөр жана инновациялар борбордун (Борбор) 2026-жылдын биринчи жана экинчи чейректерине карата стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы тууралуу отчет берди.
Жандуу талкуудан кийин отчет Кеңештин мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынды.
Иш-чарага «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Расул Абазбек уулу, Изилдөөлөр жана инновациялар боюнча кеңештин мүчөлөрү, Борбордун директору Бактыбек Асанакунов жана башкалар катышты.