2026-жылдын 7-август күнү КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, Улуттук университеттин Бишкектеги жана аймактардагы колледждерине, о.э. факультет/институттардын орто кесиптик бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды. Биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга университеттин Бишкектеги жана аймактардагы колледждери менен факультет/институттарынын орто кесиптик бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу университеттин Бишкектеги жана аймактардагы колледждериндеги жана орто кесиптик бөлүмдөрүндөгү адистиктерге катталган абитуриенттердин, ал адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир адистик боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын соңунда Алайбек Шамшиев аймактагы колледждердин жетекчилеринин айрым суроолоруна жооп берди.

4-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий