2026-жылдын 17-июнь күнү Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинде (СамМУ) «Евразиядагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстер: тарыхы жана азыркы мезгил» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция башталып, иш-чарага Тарых жана чɵлкɵм таануу институтунун «Кең Алтай» алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борборунун башчысы, профессор, тарых илиминин доктору Ж.О.Омурова катышууда.

СамМУ жана Алтай мамлекеттик университетинин «Кең Алтай» алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борбору тарабынан биргеликте уюштурулган иш-чарага Чехия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана эксперттер келишти.

КУУнун профессору Евразия мейкиндигиндеги саясий, экономикалык жана маданий процесстер, о.э. аймактагы мамлекеттердин ортосундагы тарыхый жана заманбап байланыштар боюнча талкууга активдүү катышып, актуалдуу илимий маселелер боюнча пикир алмашты.

Илимий конференциядагы маселелер «Евразия тарыхындагы археологиялык жана этнографиялык изилдөөлөр», «Евразия өлкөлөрүндөгү саясий процесстер: тарых жана бүгүнкү күн», «Евразия чөлкөмүндөгү этномаданий процесстер жана өз ара маданий мамилелер», «Евразиядагы заманбап интеграциялык процесстер» жана «Евразия тарыхы боюнча тарыхый булактарды изилдөө жана тарыхнаама» деген секцияларда талкууланат.

(С) Шаршенбек кызы А.чɵлкɵм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын доценти, т.и.к.

Добавить комментарий