2026-жылдын 4-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 31-май – Улуттук университеттин күнүнө карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, келечектеги адистерди тарбиялоодогу жетишкендиктери үчүн окуу жайдын айрым кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чаранын башында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөзүн айтып, андан кийин 32 кызматкерге «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы, 82 кызматкерге ардак грамота, 8 кызматкерге «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору», 10 кызматкерге “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардагери”, 15 адамга «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек сиңирген кызматкери», 31 кызматкерге «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер», 11 кызматкерге “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мыкты жаш окутуучусу”, 21 кызматкерге «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек сиңирген изилдөөчүсү» жана 1 кызматкерге «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу доктору» наамдары ыйгарылды.