2026-жылдын 12-майында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда окуу-методикалык комиссиянын төрайымы Б.А.Джунушалиеванын жетекчилиги алдында билим берүү программаларынын окуу-усулдук документтерин текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Институт директору А.О.Рыспаевдин буйругунун негизинде ишке ашырылып жаткан текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү программалары боюнча окуу-методикалык комплекстер, жумушчу окуу программалары алардын мазмундук жана түзүмдүк талаптарга шайкештиги талданды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу, кыргыз тилиндеги усулдук материалдарды өркүндөтүү жана 2026-2027 окуу жылына карата окуу процессин сапаттуу уюштурууну камсыз кылуу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
Аталган иш-чара билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга, окуу-методикалык камсыздоону өркүндөтүүгө жана билим берүү программаларынын нормативдик талаптарга ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылууга багытталды.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары


