2026-жылдын 14-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү жазуучу жана драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өттү.
Мааракелик иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Бекбосун Бөрүбашов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, ошондой эле белгилүү адабиятчылар, коомдук-саясий ишмерлер, акын-жазуучулар, окутуучулар жана студенттер катышты.
Конференцияда катышуучулар Бексултан Жакиевди эскерип, анын кыргыз драматургиясынын классиги катары таанылып, “Атанын тагдыры”, “Күттүргөн жаз да келээр”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, «Улуу Үркүндө» жана башка чыгармалары улуттук театр искусствосунун алтын казынасына киргенин белгилешти. Айрыкча, “Атанын тагдыры” спектакли жазуучунун студент кезинде жазылып, Кыргызстанда эң көп коюлган чыгармалардын бири болуп, бүгүнкү күндө да театрларда коюлуп жатканын баса белгилешти.
Буга катар 1960-70-жылдардагы кайра жаралуу мезгилиндегидей азыркы кыргыз маданияты, адабияты гүлдөп-өсүшү, таланттуу жаштардын чыгышы зарыл экендиги талкууланды.
Иш-чаранын алкагында жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылык мурасы тууралуу видео тасма көрсөтүлүп, бир катар илимий баяндамалар жасалды. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кайрат Иманалиев конференцияны алып барып жатып, Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына карата республика боюнча жумалык өткөрүлүп жатканын, маданий жана илимий бир катар иш-чаралар уюштурулуп жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети залкар драматургдун ысымын сыймыктануу менен даңазалап келет, себеби окуу жайды бүтүргөн 12 Кыргыз Республикасынын Баатыры бар болсо, алардын бири Бексултан Жакиев.













