2026-жылдын 14-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн XIX Бүткүл дүйнөлүк «Кытай тили — достук көпүрөсү» сынагынын Кыргыз Республикасынын тандоо туру болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чараны КУУнун ректору Д.Чонтоев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчи-катчысы Ли Хуа мырза жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башчысы Р.Мусаева ачып беришти.
Сынакка Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн 13 финалист катышты. Жыйынтыгында Бишкек шаарындагы №95 орто мектептин окуучусу Эркинбекова Нурелита баш байгени жеңип алып, Кыргызстандын атынан Кытай Эл Республикасында өтө турган дүйнөлүк финалга жолдомо алды.
Аталган сынак Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институту тарабынан өткөрүлдү.
«Кытай тили — достук көпүрөсү» — дүйнө жүзү боюнча уюштурулуп келе жаткан эл аралык кытай тили сынагы. Быйыл бул интеллектуалдык таймаш 19-жолу өткөрүлүп, кытай тилин үйрөнүүгө кызыгууну арттырууну, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнү максат кылат.
Мындан тышкары, долбоор кыргыз-кытай жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана маданий алакаларды кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча катары бааланууда.
(С) Ж.Усенбаева – Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору











