2026-жылдын 13-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Ишеналы Арабаев менен Хафиз Сарсекеевдин 1911-жылы Уфа шаарында жарык көргөн «Алипбе жаки төтө оку» аттуу эмгегинин экинчи басылышынын жана башкыр элинин баатырдык эпосу «Урал-Батырдын» кыргыз тилиндеги басылышынын бетачаары болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага иш сапар менен келген М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Салават Сагитов, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурасы фондунун директору Аида Кубатова, о.э. эки университеттин окутуучулары жана коноктор катышышты.

Ачылыш аземде КУУнун ректору бул иш-чара кыргыз-башкыр элдеринин маданий жана илимий байланыштарын бекемдөөгө чоң салым кошоорун белгилеп, жалпы түрк дүйнөсүнүн агартуу тарыхындагы жалпы мурастарды урматтоо маанилүү экенин айтты. Ал ошондой эле Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен кызматташтыкты тереңдетүү, анын ичинде кош дипломдук билим берүү программаларын ишке киргизүү демилгесин сунуштады.

М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов мындай жолугушуулар эки элдин маданий жана тилдик байланышын чыңдап, университеттер аралык кызматташтыкка жаңы мазмун кошоорун белгиледи. Ал ошондой эле буга чейин кыргыз эпосу «Манас» башкыр тилине которулганын эске салып, белгилеп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Андан соң  «Алип бе жаки төтө оку» китеби жана «Урал-Батыр» эпосунун кыргызча басылышы расмий түрдө тааныштырылып, Улуттук университеттин китепканасына тапшырылары маалымдалды. Мындан тышкары катышуучулар ошол  доордун даңазалуу өкүлдөрү  Ишеналы Арабаев менен Хафиз Сарсекеевдин агартуу тармагындагы жасаган эмгектери жана башкыр элинин дүйнөлүк маданий мурастарынын бири болгон «Урал-Батыр» эпосунун мазмундук мааниси, китепти кыргызчага которгон  автор, филология илимдеринин доктору, профессор  Ибраим Абдувалиев тууралуу кеңири маалымат беришти.

Добавить комментарий