2026-жылдын 11-майында КУУнун чоң жыйындар залында «Борбордук Азия – Кытай кызматташтыгынын укуктук негиздери: эл аралык, экономикалык жана гуманитардык аспектилери» аттуу форум болуп өттү.

Иш-чарага КР Президенттик администрациясынын, Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу университетинин, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин, Тажикстандын улуттук университетинин жана башка жогорку окуу жайлардын юрист адистери катышты.

Форумду мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын укуктук системаларын терең билген эл аралык юристтерге суроо-талап өсүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле ар түрдүү мамлекеттердин укуктук системаларынын ортосунда байланышты түзө алган, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билген кесипкөйлөрдү даярдоо зарылдыгын айтты.

Иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Кытай изилдөө институту менен Ланьчжоу университетинин Эл аралык мамилелерди укуктук изилдөө борбору – Ганьсу мекендештер союзу тарабынан уюштурулду. Форумдун максаты — академиялык кызматташтыкты чыңдоо жана укуктук маселелерди талкуулоо үчүн туруктуу аянтча түзүү болуп саналат.

Жыйында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын экономикалык кызматташтыгы, юридикалык билим берүүнү шайкеш келтирүү, кадрдык потенциалды түзүү, ошондой эле санариптик соода, жасалма интеллектти башкаруу жана башка чөйрөлөрдө укуктук кызматташтык тууралуу баяндамалар жасалды.

Улуттук университеттин базасында уюштурулган форумда катышуучулар арасында өз ара маалымат алмашуу жана практикалык байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгү берилип,  Борбордук Азия – Кытай кызматташтыгынын укуктук негиздери өтө маанилүү багыт экени баса белгиленди. 

Добавить комментарий