2026-жылдын 22-октябрында Журналистика жана коммуникация институтунда Илим күнүнө карата журналист, публицист Аскер Сакыбаева менен студенттердин жолугушуусу өттү. Иш-чарада белгилүү публицист, акын жана котормочу Алым Токтомушевдин макалалары менен маектерин камтыган «Жолбүгүн» китеби тааныштырылды.
Жолугушууну институттун директору Ширин Костюк ачып, китептин жана публицистикалык мурастын журналисттердин кесиптик калыптанышындагы маанисине токтолду.
«Жолбүгүн» китебине Алым Токтомушевдин ар кайсы жылдары «Кыргызстан маданияты», «Асаба», «Агым» жана «Алас» гезиттеринде жарыяланган макалалары менен маектери топтолгон. Басылманы журналист Аскер Сакыбаева жыйнап, түзүп, жарыкка чыгарган. Китептин максаты — публицисттин чыгармачылык мурасын сактоо жана аны кийинки муунга жеткирүү.
Жолугушууда Аскер Сакыбаева китепти даярдоонун жүрүшү, анын мазмуну жана Алым Токтомушевдин эмгектеринин коомдук мааниси тууралуу айтып берди. Анын белгилешинче, эмгек журналисттер үчүн гана эмес, саясат таануу, социология жана тарых багыттарында изилдөө жүргүзгөн адистер үчүн да пайдалуу булак боло алат.
Студенттер менен болгон суроо-жооп форматындагы маектешүүдө журналист өзүнүн кесиптик тажрыйбасы, редакциялардагы ишмердүүлүгү, журналистиканын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу ой бөлүштү. Жолугушуу жаш журналисттер үчүн кесиптин өзгөчөлүктөрүн таанып-билүүгө жана тажрыйбалуу адистин эмгек жолунан сабак алууга мүмкүнчүлүк түздү.
(С) Перизат Джаныбекова — адис, А.Турдакунова — 4-курстун студенти