2026-жылдын 26-30-апрель күндөрү И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун директору Рахат Сулайманова Кыргызстан менен Россиянын билим берүү кызматкерлеринин Уфа шаарындагы М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган иш-чарасына ректордун атайын жиберүүсү менен катышып келди.
Улуу агартуучу И.Арабаев билим алган Уфа шаарында өткөн кыргызстандык жана россиялык педагогдордун кызматташуусуна кеңири жол ачкан иш-чаранын алкагында 2026-жылдын 29-апрелинде Башкортостан Республикасынын Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Россия Федерациясынын Агартуу министри Сергей Кравцов жана Башкортостан Республикасынын башчысы Радий Хабиров жолугушту. Иш-чара Россия Федерациясынын агартуу министри С.Кравцовдун демилгеси менен уюштурулган.
Кыргызстанда курулуп жаткан 9 мектептин курулуш иштери боюнча кеңейтилген эки тараптуу жыйын өттү. Анда мазмундук багыты, 12 жылдык билим берүүгө багытталган орус тили китептерин жаңы талаптарга ылайыктоо жана педагогдорду даярдоо маселелери каралды.
Эки тараптуу жолугушуу, тажрыйба алмашуу иш-чарасы башкыр элинин улуу агартуучусу Мифтахетдин Акмулланын эстелегине гүл кою менен башталды.
Иш-чараны башынан аягына чейин М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов жетектеди.
Расмий иш-чарага Кабардин-Балкар жана Карачай-Черкесс Республикаларынын педагогикалык кызматкерлери да катышты.
М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде «Манас-Урал» кыргыз маданият жана билим берүү борбору бар экендиги, ошондой эле окуу жайда “кыргыз тили жана адабияты” адистиги боюнча болочок адистер даярдалып жаткандыгы кубанычтуу жаңылык болду.
Учурда аталган университетте кыргызстандык 200 студент билим алып жатышыптыр. Алардын айрымдары менен жолугушуп, окуулары тууралуу пикир алмашуулар жүргүзүлдү.
Төрт күнгө созулган практикумдун программасында тажрыйба алмашуу багытындагы иш-чаралар, интерактивдүү лекциядар, тегерек столдор, дискуссиялык аянтчалар, мастер-класстар, ачык сабактар, тренингдер, жолугушуулар, диалогдор, топтук иштер, иштиктүү оюндар, ошондой эле мектептерге, университеттин структуралык түзүмдөрүнө, лабораторияларга, колледжине жасалган экскурсиялар камтылды. Акмулла университетинде изилденип жаткан илимий долбоорлордун презентациялары жасалды.
Расмий иш-сапардын экинчи күнүндө жогорку окуу жайдардын өкүлдөрүнө Педагогика институтунун ишмердүүлүгү тааныштырылды. Аталган институтта 6 кафедра жана алардын алдында колледж иш жүргүзөт экен. Институттун директору Боронилова Ирина Геннадьевна жана кафедра башчылары менен эки таптуу кызматташуу, биргеликте илимий жана практкалык иш-чараларды, конференцияларды өткөрүү, академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу, кош дипломдуулук программасында иш алып баруу, биргелешкен илимий макалаларды, окуу куралдарын жазуу ж.б. боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Иш-чаранын алкагында университеттин В.А.Садовничий атындагы “Кванториум” технопаркы, Универсалдык педагогикалык компетенциялар борбору, Евразия илимий-билим берүү борборунун IQ паркы көрсөтүлүп, ЖОЖдор аралык студенттик кампустун макети, “Аврора” таланттарды өнүктүрүү борбору, “Берлога” киберфизикалык инновациялар чеберканасы менен таанышуу жүрдү.
Ошондой эле кыргызстандык делегация №3 А.М.Горький атындагы гимназиянын ишмердүүлүгү менен таанышып, жаш педагогдордун ачык сабактарына катышышты. Мындан тышкары, Опера жана балет театрында, Башкортостан Республикасынын Улуттук музейинде, М. В. Нестеров атындагы көркөм сүрөт музейинде жана Минигали Шаймуратов атындагы аскердик даңк музейинде болушту.
(С) Рахат Сулайманова — И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун директору











