2026-жылдын 30-апрелинде Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти “Бийиктик 144,0. Баатыр баяны” аттуу көркөм-документалдык тасманын көрсөтүүсүн уюштурду.

Аталган иш-чаранын максаты — студенттердин арасында патриоттук аң-сезимди калыптандыруу, тарыхый эс тутумду бекемдөө жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду. Иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналды.

Анын алкагында “Бийиктик 144,0. Баатыр баяны” аттуу көркөм-документалдык тасманын көрсөтүүсү өткөрүлдү. Бул тасма КМШ өлкөлөрүнүн алты мамлекетинде жана Латвия Республикасында тартылган.

Иш-чарага белгилүү кинорежиссер, эл аралык фестиваль жана конкурстардын жеңүүчүсү Айылчиев Абдиш мырза катышып, тасманын продюсери жана режиссеру катары студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ал тасманын жаралуу тарыхы, идеясы жана тартуу процесси тууралуу кеңири маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Иш-чара студенттер үчүн пайдалуу жана таасирдүү болуп, алардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, мекенчилдик сезимин бекемдөөгө өбөлгө түздү.

(С) Курманбекова Бурул — тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектор башчысы

Добавить комментарий