2026-жылдын 29-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетининде студенттер менен Евразия коомдук фонду тарабынан кезектеги жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чара Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун презентациясы сунушталып, жаштар үчүн уюмдун долбоорлоруна жана программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Өзүнчө бөлүк Георгий тасмасына арналды. Бул бөлүктү «Память народа – Эл Эстейт» коомдук бирикмесинин «Издөө отрядынын» жетекчиси Татьяна Ивановна Владимирова алып барып, өз сөзүндө аталган акциянын мааниси жана тарыхый эс тутумду сактоодогу ролу кеңири түшүндүрүлдү.
Мындан тышкары, студенттер Евразия Лидерлер Ассоциациясынын программасы менен таанышты. Бул программа лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө, командалык иштөөгө жана коомдук иштерге активдүү катышууга багытталган. Иш-чара жаштардын жигердүүлүгүн арттырууга жана алардын социалдык, жарандык позициясын бекемдөөгө өбөлгө түздү.
(С) Курманбекова Бурул — тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектор башчысы



