2026-жылдын 23-29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян, Эл аралык Ала-Тоо университеттеринин юриспруденция факультеттеринин студенттери үчүн таанышуу экскурсиясы өткөрүлдү.
Иш-чараны Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору А.Р.Бейшембаева куттуктоо сөзү менен ачты.
Экскурсиянын алкагында 73 студент жана коноктор үчүн «Кыргыз жараны» жалпы жарандык иденттүүлүктүн баалуулуктарына жана шайлоо процесстериндеги жаштардын ролуна арналган тематикалык бөлүктөр уюштурулду. Студенттер «Уңгужол: Улут коду» темасындагы «Эмне? Кайда? Качан?» интеллектуалдык оюнуна, ошондой эле Kahoot интерактивдүү викторинасына активдүү катышышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Айдана Жупуева студенттердин катышуусун жогору баалап, жаштар шайлоочулардын маанилүү категориясы гана эмес, ошондой эле шайлоо комиссияларына потенциалдуу талапкерлердин резерви экенин белгиледи.
КР БШКнын эксперттери республикадагы шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү, жаш шайлоочулардын шайлоого катышуусу тууралуу кеңири маалымат беришти. Айрыкча заманбап шайлоо жабдууларынын көрсөтүлүшү катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Экскурсия КР БШКнын инфраструктурасы менен таанышуу жана эстеликке жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан уюштурулуп жаткан мындай иш-чаралар жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатууга, шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун калыптандырууга өбөлгө түзүп, узак мөөнөттүү келечекте шайлоочулардын активдүүлүгүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет.
(С) Джапарова Г.Э.- тарбия иштери боюнча декандын орун басары








Кошумча маалымат: