2026-жылдын 28-апрель күнү И.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун ага окутуучусу Максат Сейталиев 3-курс студенттери менен биргеликте Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация тарабынан И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде уюштурулган «Мүмкүнчүлүктөрдүн жарманкеси жана коопсуз миграция» аталышындагы иш чарага катышып келишти.
Иш чаранын жүрүшүндө Кыргызстандагы белгилүү иш берүүчү өндүрүш ишканалары жана мамлекеттик билим берүү мекемелеринин жарманкеси уюштурулуп, өлкөдөгү жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу маселеси талкууланды жана жогорку окуу жайлардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесипти туура тандоого үндөштү.
Иш-чаранын соңунда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.
(С) Сейталиев Максат — тарбия иштери боюнча директордун орун басары





