Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар арасындагы Универсиадада Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жогорку жыйынтыктарды көрсөттү.
Аталган мелдеште Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 2-курсунун студенти Бектенов Бекбол узундукка секирүү боюнча мыкты жыйынтык көрсөтүп, 1-орунду багындырды. Бул жетишкендик студенттин тынымсыз эмгегинин жана спортко болгон жогорку жоопкерчилигинин жыйынтыгы болуп саналат.
Мындан тышкары, 4×100 метр аралыктагы эстафеталык жарышта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин курама командасы жигердүү катышып, атаандаштыкка толгон таймашта 2-орунду ээледи.
Бул ийгиликтер университеттин студенттеринин ар тараптуу өнүгүүсүн, алардын билим менен катар спорт тармагында да жогорку көрсөткүчтөргө жетишип жаткандыгын айгинелейт.
Факультет жамааты жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт!
(С) Джапарова Г.Э. — МжМБ факультетинин декандын тарбия иштери боюнча орун басары