2026-жылдын 25-апрелинде Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун биринчи курс студенттери доцент Данияр Кулбачаев, окуу бөлүмүнүн менеджерлери Үмүт Барктабасова, Уултай Турасан кызы жана Нуржан Асылбек кызы менен биргеликте Бурана тарыхый комплексине барып келишти. Аталган иш-чара кыргыз тили сабагынын “Ж.Баласагын — улуу ойчул” аттуу темасынын алкагында өткөрүлдү.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер Жусуп Баласагындын өмүр жолу, чыгармачылыгы, туулган жери тууралуу маалыматтарды тереңдетип өздөштүрүштү. Алар о.э. Караханиддер доорунун тарыхы, маданияты жана архитектуралык өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат алышты.

Бул иш-чара студенттердин тарыхый мурастарга болгон кызыгуусун арттырууга, улуттук баалуулуктарды таанып-билүүсүнө жана теориялык билимдерин практикалык негизде бекемдөөгө багытталды.

   (С) Джунушалиева Б.А. —  илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий