2026-жылдын 20–21-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкер кеңештин эксперти, юридика илимдеринин кандидаты Бейшембек кызы Асема Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү: мамлекеттик кызмат өтөөнүн антикоррупциялык стандарттары» деген темада лекция окуду.
Сабактын жүрүшүндө өлкөдөгү коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктуу милдеттери кеңири каралып, мамлекеттик кызмат өтөөдө сакталууга тийиш болгон антикоррупциялык стандарттар, кызматтык этиканын принциптери, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу маселелери, о.э. коррупциялык укук бузуулардын келип чыгуу себептери жана шарттары терең талкууга алынды. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана аларды минималдаштыруу боюнча заманбап ыкмалар, укуктук жөнгө салуу механизмдери жана практикалык мисалдар аркылуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Лектор мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана жарандык жоопкерчиликти жогорулатуу маселелери боюнча маанилүү маалыматтарды жеткирди жана катышуучулар тарабынан берилген суроолорго кеңири жоопторду берди.
(С) Курманбекова Бурул — тарбия жана жатакана иштери боюнча сектордун башчысы
