Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Коркут Ата атындагы Кызылорда университетинин ортосунда түзүлгөн эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын 1-апрелинен 15-апрелине чейин Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда «Информатика жана эсептөө техникасы» билим берүү программасынын 2-курсу боюнча 16 студент окуу процессине катышты.
Студенттерди институттун директору А.О.Рыспаев, академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана магистратура бөлүмүнүн башчысы С.Н.Шерматова, илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары Б.А.Джунушалиева, «Информатика жана эсептөө техникасы» билим берүү программасынын жетекчиси М.А.Темиров, о.э. ага окутуучулар Дакинова З.К., Эстебесова Н.Т. жана студенттер тосуп алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге окуу процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилип, алардын академиялык жана маданий жактан ийгиликтүү адаптацияланышына шарт түзүлдү.
Академиялык мобилдүүлүк программасынын жүрүшүндө студенттер окуу сабактарына активдүү катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле алар институттун материалдык-техникалык базасы менен таанышып, лабораторияларды, китепканаларды жана ситуациялык борборду көрүп чыгышты. Мындан тышкары, маданий тажрыйбаны кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Тарых музейине экскурсия уюштурулуп, студенттер өлкөнүн тарыхы жана маданий мурасы менен таанышышты.
Программанын жыйынтыгында катышуучулар окуу процессине активдүү катышкандыгы, үлгүлүү жүрүм-туруму жана коюлган талаптарды ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн тиешелүү сертификаттар менен сыйланышты.
Бул иш-чара эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, билим берүү сапатын жогорулатууга жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим, билим берүү программары жана санариптештирүү иштери боюнча директордун орун басары