2026-жылдын 14-18-апрель күндөрү География, экология жана туризм факультетинин деканы, доцент Токторова Рыскүл Алманбаевна, туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын башчысы доцент Нарынбек уулу Курманбек жана ага окутуучусу Абыкеева Аида Туголбаевна Таджикстандын борбору Душанбе шаарында Эл аралык туризм жана ишкердик университети уюштурган «Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк: Green. Digital. Smart»» — эл аралык форумга катышып келишти.
Форумдун алкагында Эл аралык туризм жана ишкердик университетинин, туризм кафедрасынын мугалимдер курамы менен жолугуп, студенттерге конок лекция өтүлдү.
Форумдун негизинде уюшулган «Туризм тармагынын туруктуу өнүгүүсү: тажрыйба жана келечек»- деген аталыштагы Эл аралык конференцияда илимий докладдар окулду.
(С) Абыкеева Аида — илимий иштер боюнча декандын орун басары