2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн 6 студенти (окутуучулары: Усупбаева Асель жана д.н., доцент Эсра Явуз Ажар) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмү тарабынан уюштурулган “Келечекте котормочулук: чакырыктар, технология жана жообкерчилик” аттуу жаш котормочулардын форумуна катышып келишти.

Жыйындын башында синхрондук котормо бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д. Аида Касиева форумдун максат-милдеттерине токтолуп, Гуманитардык факультеттин деканы, профессор Алпаслан Ашык куттуктоо сөзү менен иш-чараны расмий ачып берди.

Форум үч сессиядан туруп, анда КУУнун студенттери Ыдырысова Акылай, Жайлобаева Аяна, Муратбек кызы Жамила, Суусарбекова Мирзат, Жолчубекова Акылай жана Дүйшекеева Таңсулуу түрк жана англис тилдеринде баяндама жасашты.

Талкууланган негизги темалар:

  • көркөм котормонун маданияттар аралык байланыштагы ролу;
  • оозеки котормо жана тилмечтик кесибинин бүгүнкү абалы;
  • котормочулук кесипке даярдоодогу заманбап маселелер;
  • технологиялык өнүгүү жана билим берүүнү трансформациялоо.

Форумдун башкы максаты – технологиянын тез өнүгүүсү астында келечектеги котормочуларга зарыл болгон аналитикалык ой жүгүртүү, демилгелүүлүк жана жаңы шарттарга ыңгайлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү. Студенттер түрк, англис жана орус тилдеринде эркин пикир алышып, тажрыйба алмашуу менен бирге кесиптик багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын соңунда КТМУнун окутуучулары – док. Калия Кулалиева, Рахат Аскарова жана Мээрим Киналиева сөз сүйлөп, жаш адистердин даярдыгына жогору баа беришти. Форум студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

(С) Асель Усупбаева — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучусу

Добавить комментарий