Кыргыз радио уктуруусунун 95 жылдыгына карата уюштурулган «Кыргызстанда радиолордун басып өткөн жолу, абалы жана келечеги» аттуу медиафорумда Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк баяндама жасады.

Директордун «Радио журналисттерин даярдоонун өзгөчөлүктөрү» деген темадагы баяндамасы азыркы шартта жаш кадрларды окутуунун өзгөчөлүктөрүнө арналды. Спикер радиожурналистиканы окутууда теория менен практиканын айкалышы, ошондой эле заманбап медиаталаптарга ылайык адистерди даярдоо маселелерине токтолду.

«Социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда радио дагы деле ишенимдүү маалымат булагы экенин көрсөттү. Андыктан институт радио журналисттерди даярдап келет. Бүгүнкү күндө радио журналистика боюнча диссертациялар жазылып, илимий макалалар жарыяланып жатат. Бул радионун ЖМК системасында дагы деле орду бар экенинен кабар берет. Албетте, технологиялардын өнүгүшү менен формасы, форматы өзгөрүп жатат, жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат», — деди ал.

Иш-чарага М. Шерметалиев, Б. Асанов, Б. Орунбеков, М. Эргешов сыяктуу өлкөнүн алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, медиа эксперттер жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө радионун өнүгүү багыттары, анын коомдогу орду жана санарип доордогу келечеги талкууланып, бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. Катышуучулар радионун трансформациясы, жаңы форматтар жана аудитория менен иштөө ыкмалары боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

(С) П.Джаныбекова — адис

Добавить комментарий