Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары Бакыт Рыспаев Журналистика жана коммуникация институтунда «Шаарларды жана айыл аймактарды кантип өнүктүрөбүз?» деген семинар-тренинг өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бакыт Рыспаев мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу системасынын түзүмү тууралуу кеңири маалымат берип, тиешелүү органдардын функциялары, милдеттери жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына токтолду.
Спикер о.э. ченемдик-укуктук актылар, мыйзамдардын ролу жана өлкөнүн Баш мыйзамынын мааниси тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, жергиликтүү деңгээлде эффективдүү башкарууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдык негиздерди туура түшүнүү жана колдонуу өзгөчө мааниге ээ. Ал эми коомду тарбиялаган болочок журналисттер үчүн мындай маалыматтарды билүү жана өз материалдарында туура колдонуп, жайылтуусу маанилүү.
Семинар интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, практикалык мисалдар аркылуу жооп алышты. Мындай иш-чаралар студенттердин башкаруу системасы боюнча билимдерин тереңдетүүгө жана алардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болору шексиз.
(С) П.Джаныбекова — адис