Экономиканын жогорку мектебинин “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” профилинин 2 курс студенттери 2026-жылдын 9-апрель күнү К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин “Экономикалык программалар жана башкаруу” кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн “Кыргызстандын 2030-жылга чейинки экономикалык өнүгүү көйгөйлөрү жаштардын көзү менен” темасындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
Аталган конференцияда ЭЖМ студенттери бухгалтердик эсептин маанилүү көйгөйлөрүн камтыган кызыктуу докладдары менен чыгышып, татыктуу орундарды алууга жетишишти:
- Жакшылыкова Айдана — 1 орун
- Шаршенова Малика – 2 орун
- Джумабаев Данияр – 3 орун.
Конференцияга катышкан ЭЖМ студенттеринин баарынын илимий эмгектери жогору бааланып, уюштуруучулар тарабынан берилген сертификаттарга ээ болушту.
Студенттердин илимий иштерине “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын окутуучулары э.и.д., проф. Омуралиева Д.К., э.и.д. проф. Кулова Э.У., ага окутуучу Субаналиева Г.Т. жана ага окутуучу Кудайбергенова А.К. жетекчилик кылышты.
(С) Субаналиева Гульназира – ст. преп.кафедры БУАиА ВШЭ