Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2026-жылдын 8–11-апрель күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун өкүлдөрү Мирзо Улугбек атындагы Өзбек улуттук университетине иш сапары менен барышты.
Делегациянын курамында илим, билим берүү программары жана санариптештирүү иштери боюнча директордун орун басары Джунушалиева Б.А., жасалма интеллект багытынын PhD докторанттары, ага окутуучулар Омуралиева Б.Б., Мусуралиева Д.Э., о.э. маалыматтык технологиялар багытынын 2-курс студенти Арстанбеков С.С. болушту.
Иш сапардын жүрүшүндө КУУнун өкүлдөрү Ч.Айтматовдун музейине барышып, Джунушалиева Б.А. Колдонмо математика жана интеллектуалдык технологиялар факультетинин студенттери үчүн лекция окуду. Докторанттар аталган факультеттин докторанттары менен илимий жолугушуу өткөрүштү. Арстанбеков С.С. программалоо тилдери боюнча лекцияларга катышып студенттер менен пикир алмашты.
Делегация мүчөлөрү жылуу кабыл алуу жана жогорку деңгээлдеги уюштуруу үчүн Өзбек улуттук университетинини билим берүүнүн сапатын контролдоо жана методология боюнча проректору Р.К.Мусурмановго, Колдонмо математика жана интеллектуалдык технологиялар факультетинин деканы З.Р.Рахмоновго жана кафедра башчысы У.Э.Адамбайовго терең ыраазычылыктарын билдиришти.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим, билим берүү программары жана санариптештирүү иштери боюнча директордун орун басары
