Азыркы санарип доорунда маалыматты иргеп кабыл алуу, аны текшерүү жана сын көз караш менен талдоо көндүмдөрү өзгөчө мааниге ээ. Ушундай шартта медиа сабаттуулукту жайылтуу максатында Журналистика жана коммуникация институту тарабынан медиа сабаттуулук жумалыгы башталды.

Жумалыкка борбор калаадагы мектеп окуучулары жана студенттер катышты.

Иш-чаранын алкагында белгилүү журналист Али Токтакунов «Журналисттин коомдогу ролу: чындык, жоопкерчилик жана таасир» деген темада өзүнүн кесиптик бай тажрыйбасы менен бөлүштү.

Айрыкча мектеп окуучулары үчүн мындай жолугушуу журналистиканын ички процесстерин жакындан таанып-билүүгө шарт түзүп, медиа сабаттуулук боюнча түшүнүгүн кеңейтүүгө өбөлгө болду.

Иш-чаранын биринчи күнү мазмундуу өттү. Медиа сабаттуулук жумалыгы эртең дагы уланат.

(С) Желденбаева Жаркын — Журналистика жана коммуникация институттун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий