Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2026-жылдын 8–11-апрель күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун өкүлдөрү Мирзо Улугбек атындагы Өзбек улуттук университетине иш сапары менен барышты.
Иш сапардын курамында илим, билим берүү программалары жана санариптештирүү иштери боюнча директордун орун басары Джунушалиева Б.А., жасалма интеллект багытынын PhD докторанттары, ошондой эле ага окутуучулар Омуралиева Б.Б. жана Мусуралиева Д.Э. болду.
Сапардын жүрүшүндө делегация Чыңгыз Айтматов музейине барып, улуу жазуучунун мурасы менен таанышты. Ошондой эле Джунушалиева Б.А. Колдонмо математика жана интеллектуалдык технологиялар факультетинин студенттери үчүн мазмундуу лекция окуп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Мындан тышкары, PhD докторанттар аталган факультеттин докторанттары менен илимий жолугушуу өткөрүп, жасалма интеллект жана заманбап технологиялар багытындагы изилдөөлөр боюнча пикир алмашышты. Бул жолугушуу эки университеттин ортосундагы илимий кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түздү.
(С) С.Н.Шерматова — академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспортто жана тармактын магистратура бөлүмүнүн башчысы
