Математика жана информатика институтунун жетекчилиги 1-курстун студенти Анарбаева Алтынайды Астана шаарында өткөн Эл аралык конкурста “Борбордук Азиянын мыкты студенти — 2026” наамына ээ болушу менен чын дилден кызуу куттуктап, ага чың ден соолук, мындан ары да окууларында албан-албан ийгиликтердин жаралышын каалайт.

Сынактын жыйынтыгы боюнча  биздин студент Борбордук Азиянын аймагындагы жаштар саясатын  өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана коомдук иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн  I даражадагы дипломго, төш белгиге жана жеңүүчүнүн кубогуна татыктуу болду.

(С) Фархат Назарбаев — институттун профбюросунун төрагасы, ага окутуучу

Добавить комментарий